Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин 1- чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз №5-сессиясы
2024-жылдын 22-майы № 15
Шекер айылына Чынгыз Айтматовдун үй музейин куруу долбоору жөнүндө
Шекер айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында,2024-жылдын 10-майындагы болуп өткөн Шекер айылынын жашоочуларынын жалпы жыйынынын негизинде Шекер айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шекер аыйл өкмөтүндөгү Шекер айылына Чынгыз Айтматовдун үй музейин куруу долбоорунун өтүнмөсү бекитилсин.
2. Жалпы наркы 5374685 (беш миллион үч жүз жетимиш төрт миң алты жүз сексен беш) сом Талас облусунун өнүктүрүү фондуна долбоор жазылсын.
3. Долбоорго тиешелүү иш кагаздар даярдалып,Талас облусунун өнүктүрүү фондусуна жөнөтүлсүн.
4. Долбоорго тиешелүү иш кагаздарды даярдоо жагы демилгелүү топко жана айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзумө калтырам.
Төрага |
| К. Э. Иманалиев |