Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин 1- чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз №5-сессиясы
2024-жылдын 22-майы № 16
Шекер айыл аймагынын Көк-Сай айылында курулуп бүткөн жаңы балдар бакчасын ачуу жана ысым ыйгаруу жөнүндө
Шекер айыл аймагынын Көк-Сай айылында курулуп бүткөн жаңы бала бакчага Көк-Сай айылынын жарандарынын кайрылуусун негизинде, Мүлккө жана муниципалдык менчик жөнүндө Мыйзамынын 19 беренесине ылайык;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Сай айылында жаңы курулуп жаткан бала бакчанын курулуш иштери аяктагандыгына байланыштуу ишке берүү жагы каралсын.
2. Көк-Сай айылында курулуп бүткөн жаңы бала бакчага Абакир уулу Шамуратбек атындагы бала бакча болуп аталсын.
3. Абакир уулу Шамуратбек атындагы балдар бакчасынын жетекчисин,жана штаттык бирдигин Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин мыйзамдарына ылайык Айтматов райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Жарманбетова Самара Урусовна тарабынан жүргүзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мураталиевага тапшырылсын.
Төрага |
| К. Э. Иманалиев |