Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин 1- чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз №5-сессиясы
2024-жылдын 22-майы № 18
Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин 7- чакырылышындагы депутаттарынын кезектүү №7 сессиясы.2022-жылдын 06-апрелиндеги №01-3/31 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Көк-Сай айылынын тургуну Базарбаев Алтынбектин арызынын негизинде, ат майдан куруу үчүн,таза суунун резервуарынын күн батыш тарабында жайгашкан жайыт жерди трансформациядан өткөрүү боюнча;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Сай айылынын түштүк тарабында жайгашкан таза суунун резервуарынын күн батыш тарабындагы жайыт жерди Көк-Сай айыл элинин кайрылуусунун негизинде ат майдан куруу үчүн 4га жер тилкеси трансформациядан өткөрүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мураталиевага тапшырылсын.
Төрага |
| К. Э. Иманалиев |