Загрузка документа…
АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
Бириккен Арашан айылдык кеңешинин
XXVIII-чакырылышынын V кезексиз сессиясы
2024-жылдын 24-майы № 19
Жер тилкелеринин багытын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү боюнча
Кыргыз Республикасынын Аламүдүн райондук Мамлекеттик Администрациясынан 2024-жылын 22-майында келип түшкөн катты жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана Коммерция Министрлигине караштуу Мамлекеттик Мүлктү Башкаруу Боюнча Фонддун алдындагы “Объекттерди Башкаруу Дирекциясы” Мамлекеттик Ишканасынан 2024-жылын 15-майында келип түшкөн катын, 2024-жылдын 24-майында кезексиз сессияда карап чыгып, жана Арашан айылдык кеңешинин “Айыл чарба, жер жана сугат суу маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун эске алып, Жер тилкелеринин багытын которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу Жобонун негизинде
Арашан айылдык кеңеши
ТОКТОМ кылат:
1. № 414 контурундагы жалпы аянты 1,90 га түзгөн идентификациялык коду: 7-01-16-0014-0755 жана 7-01-16-0014-0772 жер тилкелери “Айыл чарба багытындагы жер” категориясынан “Калктуу пункттардын жерлери” категориясына которулуусуна макулдук берилсин;
2. Арашан айыл аймагында жайгашкан №414 контурундагы жалпы аянты 1,90 га түзгөн идентификациялык коду: 7-01-16-0014-0755 жана 7-01-16-0014-0772 жер тилкелеринин категориясы өзгөртүү боюнча Аламүдүн райондук Мамлекеттик Администрациясына өтүнмө берилсин.
Төрага | Курманбаев А.Б. |