Редакцияот 20.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин XIX чакырылышынын депутаттарынын кезексиз IV сессиясы

2023-жылдын 20-июлу № 4/1

“Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңеши" мекемесин түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги “Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” №85 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги “Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айылдык кеңештердин ишин уюштуруу жөнүндө” №87 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы “Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө” № 177 токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын, Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө Жобону ж.б. тиешелүү мыйзам актыларын жетекчиликке алып, Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IV сессиясы токтом кылат :

 

1.  Баш-Кайыңды жана Талды-Суу айыл аймактарынын айылдык кеңештерин бириктирүү жолу менен Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңеши болуп кайра түзүлсүн.

 

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

-Мамлекеттик тилде: " Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңеши " мекемеси;

-Расмий тилде: Учреждение "Айылный кенеш Баш-Кайыңдинского айылного аймака"

 

Кыскартылган фирмалык аталышы:

 

- Мамлекеттик тилде: " Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңеши" м-и.

- Расмий тилде: У-е "Айылный кенеш Баш-Кайыңдинского айылного аймака"

 

2. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жобосу бекитилсин.

 

3. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Ат-Башы району, Баш-Кайыңды айылы, Алымбек Сабитакунов көчөсү № 28 болуп аныкталсын.

 

4. Юридикалык жактын уюштуруучусу - жергиликтүү кеңештин депутаттары.

 

5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

 

Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

 

Төрага

Д.Жолдошбек уулу