Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин 1- чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз № 6-сессиясы
2024-жылдын 14-июну № 22
Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Шекер айылынын “Күркүрөө” маданий үйүнүн чатырын оңдоп түзөөдөн өткөргөндө жумшалган, строй материалдарына акча каражатын бөлүп берүү үчүн;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шекер айылынын “Күркүрөө” маданий үйүнүн чатырын оңдоп түзөөдөн өткөргөндө Жуманов Ажыкулдан зарыл болгондуктан сегиз даана кургак терек карызга алынган,ошол сегиз даана теректин азыркы учурдагы баасы 24000 (жыйырма төрт миң) сомду түзөт.
2. Айыл өкмөтүнүн бюджетинен 24000 (жыйрма төрт миң)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мураталиевага жүктөлсүн.
Төрага |
| К. Э. Иманалиев |