Загрузка документа…
АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
Бириккен Арашан айылдык кеңешинин
XXVIII-чакырылышынын V кезексиз сессиясы
2024-жылдын 24-майы № 20
Аламүдүн районунун прокуратурасына адмистративдик имарат куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча
Кыргыз Республикасынын Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынан 2024-жылдын 16-майыда №02-3/982 жана Аламүдүн районунун прокуратурасынан 2024-жылдын 23-майында Аламүдүн районунун прокуратурасына адмистративдик имарат куруу үчүн Аламүдүн районунун, Арашан айыл өкмөтүнүн, Орто-Сай айлынын Байтик-Баатыр көчөсүндө жайгашкан 0,40 га жер тилкесин бөлүп берүү боюнча келип түшкөн катын 2024-жылдын 24-майында өткөн кезексиз сессиясында карап, Арашан айылдык кеңешинин депутатарын пикирлерин угуп жана талкуулап
Арашан айылдык кеңеши
ТОКТОМ кылат:
1. Аламүдүн районунун прокуратурасына адмистративдик имарат куруу үчүн Аламүдүн районунун, Арашан айыл өкмөтүнүн, Орто-Сай айлынын Байтик-Баатыр көчөсүндө жайгашкан 0,40 га жер тилкеси бөлүп берилсин;
2. Арашан айыл өкмөтүнүн аймагындагы Орто-Сай айлынын Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан 0,40 га жер тилкесинин максаттуу багыты Аламүдүн районунун прокуратурасынын адмистративдик имаратын куруу үчүн өзгөртүлсүн;
3. Бул токмомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучу С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн
Төрага | Курманбаев А.Б. |