Загрузка документа…
АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
Бириккен Арашан айылдык кеңешинин
XXVIII-чакырылышынын V кезексиз сессиясы
2024-жылдын 30-майы № 22
Жер тилкелерин которууга (трансформациялоого) макулдук берүү боюнча
2024-жылдын 24-апрелинде Молдобеков Эсенбектен келип түшкөн арызды 2024-жылдын 23-майында сессиядан карап чыгып, жана Арашан айылдык кеңешинин “Айыл чарба, жер жана сугарт суу маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде
Арашан айылдык кеңеши
ТОКТОМ кылат:
1. Арашан айыл өкмөттүндө Чункурчак жайлоосунда жайгашкан жалпы аянты 0,20 га Молдобеков Эсенбекке таандык идентификациялык коду 7-01-04-0016-0077, “Айыл чарба” багытындагы жердин категориясын “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулуусуна макулдук берилсин;
2. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалы жана Чүй архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан бардык уруксат берүүчү документтери даярдалсын жана макулдашсын;
3. Бул токмомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучу С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Курманбаев А.Б. |