Редакцияот 08.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин XIX чакырылышынын депутаттарынын кезексиз V сессиясы

2023-жылдын 8-августу № 5/6

Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар боюнча жобону бекитүү жөнүндө

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн юристи А.Айтбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап бириктирилген Баш-Кайыңды айыл

   аймагынын

айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз V сессиясы токтом кылат :

 

1.  Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар боюнча жобо бекитилсин.

 

2.  Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар бекитилген жобого ылайык иш алып барышсын.

 

3.   Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн юристи А.Айтбаевге милдеттендирилсин.

 

4.  Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин катчысы А.Чукулуковго тапшырылсын.

 

Төрага

Д.Жолдошбек уулу