Редакцияот 14.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин 1- чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз № 6-сессиясы

2024-жылдын 14-июну № 23

 

Шекер айыл аймагынын жайыт комитетинин 2024-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

Шекер айыл аймагынын жайыт комитетинин 2024-жылга бюджетин бекитүү жана жайытка акы төлөмдөрүн бекитип берүү максатында;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.2024-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү төмөндогүдөй болуп бекитилсин.Ири мүйүздүү мал үчүн 1 башына 100 сом

Кой-эчкилерге 1 баш үчүн -17 сом

Жылкы 1 баш үчүн-100 сом

2023-жылдын 29-декабрындагы №735 –токтомуна ылайык , Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндөгү жобосунун 3-пунктуна ылайык,айылдык кеңештин депутаттарынын катышуусу менен комиссиянын  актысынын негизинде 3000ден 5000миңге чейин баалары чегерилсин. Айыл өкмөтүнүн бюджетине төлөнүп келген жайыт салыгы жайыт комитетинин бюджетинде калтырылсын.

 

2.Шекер айыл аймагынын жайыт комитетинин 2024-жылга бюджети бекитилсин.

 

3. Элдерден мал чогултуп баккан жаран,жайыт пайдалангандыгы үчүн жайыт комитети менен келишим түзүлсүн.Ошондой эле ортонку жайыттарга эрте чыгып өнүп келе жаткан чөптөргө зыян келтирбөө максатында,жайыт комитетинин уруксаты менен жайытка чыгуу убактыларын так белгиленсин.  

 

4. Токтомдун аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасы А.Таштаналиевге жүктөлсүн.  

 

 

Төрага

 

К. Э. Иманалиев