БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын XIX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2023-жылдын 5-октябры № 6/1
Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Баш-Кайыңды айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынды чакыруу жана өтүүчү жерин аныктоо,өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн санын бекитүү,өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча жергиликтүү жамааттарды тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү ченемдери,жыйналыштарды өткөрүү графигин бекитүү , өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмесин бекитүү жана жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин төрагасы Жолдошбек уулу Дыйканбайдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат :
1. 2023-жылдын 18-ноябрында ишемби күнү саат 11-00 гө Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Баш-Кайыңды айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйыны Баш-Кайыңды айылындагы Ч.Асеков атындагы орто мектебинин жыйындар залында чакырылсын.
2. Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү боюнча Баш-Кайыңды айыл аймагынын жергиликтүү жамааттары төмөндөгүдөй аймактык бөлүктөргө бөлүнсүн: Өзгөрүш айылы,Талды-Суу айылы,1-Май айылы,Большевик айылы,Баш-Кайыңды айылы
3. Баш-Кайыңды айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны 100 адам деп бекитилсин,анын ичинде
- Өзгөрүш айылынан- 9 адам
- Талды-Суу айылынан- 18 адам
- 1-Май айылынан- 12 адам
- Большевик айылынан- 11 адам
- Баш-Кайыңды айылынан- 50 адам
4. Баш-Кайыңды айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынына катышуучу өкүлдөрдү шайлоо боюнча аймактардагы чогулуштарды өткөрүү графиги жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу айылдык кеңештин депутаттары бекитилсин:
- 1-Май айылында- 18.10.2023-жылы саат: 11-00, жооптуулар Байшериева Салтанат,Орозакунова Айгүл,Исашова Айдай-айылдык кеңештин депутаттары;
- Талды-Суу айылында- 17.10.2023-жылы саат: 11-00, жооптуулар Жумаева Эльнура,Мамбетбаев Тынчтыкбек,Осмоналиев Айбек,Орозалиева Мира,Султан уулу Канатбек-айылдык кеңештин депутаттары;
- Өзгөрүш айылында -16.10.2023-жылы саат: 11-00, жооптуулар Ашымова Азимкүл,Исаев Жаныбек-айылдык кеңештин депутаттары;
- Болшевик айылында-19.10.2023-жылы саат:11-00,жооптуулар Солтобаев Аман,Султанова Гүлнаш,Саалаев Айдар-айылдык кеңештин депутаттары;
- Баш-Кайыңды айылында-20.10.2023-жылы саат:11-00,жооптуулар-Асеков Жолдошбек,Абдыкадырова Перизат,Бакелова Нурзат,Мамытов Абдылдабек,Жумашова Атыркүл,Нусупов Кубан,Мусаканов Нурлан-айылдык кеңештин депутаттары;
4. Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча төмөндөгүдөй курамда жумушчу тобу бекитилсин:
- Алакунов Нурбек-айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары,жумушчу тобунун төрагасы;
- Чукулуков Абдыкадыр-айылдык кеңештин жооптуу катчысы,жумушчу тобунун катчысы;
- Дүйшөбаев Элхан- 1-Май айылынын айыл башчысы,жумушчу тобунун мүчөсү;
- Абдыкеримов Нурбек-Өзгөрүш айылынын айыл башчысы,жумушчу тобунун мүчөсү;
- Орозакунов Жолдошбек-Талды-Суу айылынын айыл башчысы,жумушчу тобунун мүчөсү;
- Солтобаев Бакы-Большевик айылынын айыл башчысы,жумушчу тобунун мүчөсү;
- Сулайманов Талант- милициянын Баш-Кайыңды аймактык бөлүмчөсүнүн башчысы,жумушчу тобунун мүчөсү;
- Айтбаев Адил-айыл өкмөтүнүн юристи,жумушчу тобунун мүчөсү;
- Мааметов Акматалы-айыл өкмөтүнүн адиси,жумушчу тобунун мүчөсү;
- Итибакунов Ырысбек-айыл өкмөтүнүн башкы адиси,жумушчу тобунун мүчөсү;
- Каналиев Жаныбек-айыл өкмөтүнүн адиси,жумушчу тобунун мүчөсү;
- Курманбек уулу Абылай-айыл өкмөтүнүн башкы адиси,жумушчу тобунун мүчөсү;
- Курманбек кызы Чолпон-айыл өкмөтүнүн сектор башчысы,жумушчу тобунун мүчөсү;
1. Элдик Курултайдын делегатын шайлоо боюнча жыйындар жана чогулуштар өткөрүлө турган күн,убакыт жана жай жөнүндө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө маалымат жеткирүү жана айылдык жыйындарды,өкүлчүлүктүү жыйынды уюшкандыкта өткөрүү айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине жана жумушчу тобуна тапшырылсын.
2. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | Д.Жолдошбек уулу |