Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин XIX чакырылышынын депутаттарынын кезексиз VII сессиясы
2023-жылдын 27-октябры № 7/1
Баш-Кайыңды айыл аймагындагы Өзгөрүш,Талды-Суу,1-Май,Большевик, Баш-Кайыңды айылдарынын Генпландары үчүн каралган акча каражаты жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Алакуновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап бириктирилген Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз VII сессиясы токтом кылат
1. Баш-Кайыңды айыл аймагындагы айылдардын Генпланы үчүн каралган 8 млн.617 миң 900 сом акча каражаты айыл аймагынын айылдарынын Генпландарын иштеп чыгуу үчүн жумшалсын жана айылдардын Генпландарын иштеп чыгуу үчүн тиешелүү органдарга которулуп берилсин.
2. Айылдардын Генпландары үчүн карлган акча каражатын өз убагында которуп берүү айыл өкмөтүнүн бухгалтери А.Карыбек уулуна милдеттендирилсин.
3. Жогорудагы аталган иштерди өз убагында аткаруу жана ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулуна милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин катчысы А.Чукулуковго тапшырылсын.
Төрага | Д.Жолдошбек уулу |