Редакцияот 27.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин XIX чакырылышынын депутаттарынын кезексиз VII сессиясы

2023-жылдын 27-октябры № 7/3

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинен калган калдык акча каражаттары жөнүндө

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Дайыргазы уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап бириктирилген Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз VII сессиясы токтом кылат

 

1.  Айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинен калган 345,8 миң сом акча каражатынын эсебинен айыл өкмөтүнүн конторасына интернет койдуруу үчүн-95 миң сом, калган 250,8 миң сом акча каражатына айыл аймактагы мектептерге генератор алып берүүгө жумшалсын.

 

 

2. Каралган акча каражаттарын өз убагында которуп берүү жана бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн бухгалтери А.Карыбек уулуна милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин катчысы А.Чукулуковго тапшырылсын.

 

Төрага

Д.Жолдошбек уулу