Редакцияот 27.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин XIX чакырылышынын депутаттарынын кезексиз VII сессиясы

2023-жылдын 27-октябры № 7/5

Талды-Суу айылындагы ”Ырыскы-Талды-Суу” балдар бакчасында ата-энелерден чогула турган взносун бекитүү жөнүндө

Талды-Суу айылындагы “Ырыскы-Талды-Суу” балдар бакчасынын башчысы Ч.Байшериеванын кайрылуусун талкуулап айылдык кеңешинин кезексиз VII сессиясы токтом кылат :

 

 

1.Талды-Суу айылындагы “Ырыскы-Талды-Суу” балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын ата-энелеринен чогулуп жаткан взностор, ата-энелеринин макулдугу боюнча 1 айга 1 балага -600 сом деп бекитилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бухгалтери А.Карыбек уулуна тапшырылсын.

 

3.Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Д.Жолдошбек уулу