Редакцияот 27.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын

айылдык кеңешинин 27-октябрь

2023-жылдагы кезексиз VII сессиясынын

№ 7/7 токтому менен бекитилген

 

“Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу

ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө”

 

 

Жобо

 

 

Баш-Кайыңды айылы 2023-жыл

 

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык

кеңешинин 27-октябрь 2023-жылдагы

кезексиз VII сессиясынын № 7/7 токтому

менен бекитилген

 

Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конуштарда үй-бүлөлүк

салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби

жөнүндө Типтүү жобо

1.  Жалпы жоболор

2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби

3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүнүн тартиби

4. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүүнүн тартиби

5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары

6. Жергиликтүү комиссия

7. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

 

1.  Жалпы жоболор

 

1.1. Бул жобо « Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды

жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын ирээтке келтирүү чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыгып, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.

1.2. Жобонун максаты айылдарда жана башка калктуу конуштарда

үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүү аларды өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого , өзүн көрсөтүүгө умтулууга , башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкорчулукка, элдин салт санаасын, үрп -адатын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура каада-салтын жана ырым-жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелинет.

 

2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби

 

2.1. Айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу

ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону (мындан ары-жобо) иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен жергиликтүү кеңештин депутаттарынан , аксакалдардын , аялдардын жана жаштар уюумдардын, аксакалдар сотунун, диний уюумдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын , жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлөт.

2.2. Ушул Типтүү жобонун негизинде жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору айылдык жыйындарда талкууланат,жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, айыл өкмөтүнүн сайттарына

жайгаштырылат. Келип түшкөн иштиктүү сунуштар эске алынып жобонун долбооруна киргизилет.Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилет.

2.3. Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому белгилеген тартипте жергиликтүү кеңештин сайттарына жарыяланат.

 

3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүүнүн тартиби

 

3.1 Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик тою, тушоо кесүү тою, балдарды сүннөткө олтургузуу, нике (үйлөнүү) тою, куда тосуу, маараке салтанаттары ж.б. кирет

3.2. Үй-бүлөлүк салтанаттар айылдарда башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча , киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды сактоо менен бир бододон ашык мал союууга тыюу салуу менен өткөрүлөт. Ысырапкорчулукка жол берилбейт.

3.4. Түштөндүрүүлөр үй ээсинен сырткары 2 жолу берилип, мындан сырткаркы чыгымдар эки жашка жардам катары берилсин.

3.5. Кийит кийгизүү, кортедж уюштурууга тыюу салынсын.

 

4. Өлгөндү ээске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби

 

4.1. Өлгөндү эске алуу ырым жырымдарын (акыркы сапарга узатуу, үчүлүк, жетилик, кыркылык) өткөрүүдө 1 бодо малдан ашык жана 2 майда жандык союууга болбойт.

4.2. Акыркы сапарга узатууда айыл эли жаназага катышып, топурак салгандан кийин тамакка киргизилбейт. Баштык таратуу, кийит кийгизүү, жыртыш берилүүгө болбойт.

4.3. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдары мал союуну эсепке албаганда айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча өткөрүлөт.

 

5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары

 

Жобого ылайык үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алууырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдарга жана кызмат адамдарына Президенттин облустагы өкүлү, райондун акими, айыл өкмөтүнүн башчысы жана жергиликтүү комиссия кирет.

 

 

6. Жергиликтүү комиссия

 

5.1. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүндө аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунда түзүлөт. Анын курамына айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, маданият кызматкерлеринин, ардагерлердин, аялдардын жана жаштардын уюумдарынын, милициянын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрү кирет. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилет.

5.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү өлгөндү эске алуу ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жерге чогуусу менен барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.өлүк ээсин жобонунун талаптары менен тааныштырып, ал туралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт. Жобонун талаптарын бузган убакта ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт (же акт түзөт) , ал туралуу комиссияда маселе карайт, талапты бузган адамдарга каратат чара (анын ичинде коомдук уяткаруу чарасын ) көрөт.

 

7. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

 

Айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча жобонун талабын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде, жергиликтүү жамаатын уставында жана айылдын ички мыйзамдарында жана эрежелеринде каралган (элдик курултай, айылдык жыйындар, жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган) айып жазаларынын өлчөмдөрү, салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.

 

Соц адис :

Д. Сатыбалдиева