Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезексиз IV сессиясынын
2024-жыл 26-апрелиндеги №3
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн
Шоро-Дѳбѳ участкасы жөнүндө
Багыш айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылдын 15-мартындагы №01-15/ сандуу “Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Шоро-Дѳбѳ участкасынан жалпы 467 гектар жер аянты мурдагы Таш-Булак айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу болгон, АТР алкагында аталган жер аянты анклав болуп калганына байланыштуу, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн тургундарынын кайрылуусунун негизинде, Жалал-Абад шаардык мэриясынан Багыш айыл ѳкмѳтүнүн карамагына ѳткѳзүү боюнча иш жүргүзүү үчүн чечим чыгаруу” боюнча кайрылууларын карап чыгып, Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл өкмөтүнѳ чектеш Шоро-Дѳбѳ участкасынан жалпы 467 гектар жер аянты Жалал-Абад шаардык мэриясынан Багыш айыл ѳкмѳтүнүн балансына ѳткѳзүү боюнча иш жүргүзүлсүн.
2. Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Түгѳйбеков Нурсултанга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөндѳн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Ж.Сейдахматов |