Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезексиз IV сессиясынын
2024-жыл 26-апрелиндеги №4
Багыш айыл өкмөтүнүн №01-15/272/1 25.04.2024-жылдагы кайрылуусун кароо жөнүндө
Багыш айыл өкмөтүнүн №1-15/272/1 25.04.2024-жылдагы «Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Кедей-Арык айылындагы №52 Т.Тайгараев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине спорт зал куруу үчүн 2024-жылы Жалал-Абад облустук Ѳнүктүрүү фондуна долбоор аркылуу кайрылууга уруксат берүү жана Багыш айыл өкмөтүнүн 2024-2027-жылга кабыл алынган стратегиялык өнүгүү программасына 2024-жылга кошумча пункт менен киргизүү жөнүндө» кайрылуусун карап, талкуулап Багыш айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Кедей-Арык айылындагы №52 Т.Тайгараев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине спорт зал куруу үчүн 2024-жылы Жалал-Абад облустук Ѳнүктүрүү фондуна долбоор аркылуу кайрылууга уруксат берилсин.
2. «Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Кедей-Арык айылындагы №52 Т.Тайгараев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине спорт зал куруу долбоорун 2024-жылы Жалал-Абад облустук Ѳнүктүрүү фондуна аркылуу жасоо» деп киргизилсин.
3. Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгѳйбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Д.Дарбановго жүктөлсүн.
5. Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон
өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага |
Ж.Сейдахматов |