Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин XIX чакырылышынын депутаттарынын кезексиз VII сессиясы
2023-жылдын 27-октябры № 7/8
Өзгөрүш айылындагы “Үмүт-Өзгөрүш” бала бакчасынын башчысы А.Маматбаеванын кайрылуусу жөнүндө
Өзгөрүш айылындагы “Үмүт-Өзгөрүш” бала бакчасынын башчысы А.Маматбаеванын кайрылуусун угуп жана талкуулап айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат :
1. Өзгөрүш айылындагы “Үмүт-Өзгөрүш” бала бакчасына Талды-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинен каралган бала бакчанын
ремонтуна,көмүркана салуу үчүн каралган акча каражаттары тез аранын ичинде которулуп берилсин.
2. Бала бакчага каралган акча каражаттарын которуп берүү жанабул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Дайыргазы уулуна милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин
Төрага | Д.Жолдошбек уулу |