Редакцияот 23.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин XIX чакырылышынын депутаттарынын кезексиз VIII сессиясы

2023-жылдын 23-ноябры № 8/1

Мамлекет тарабынан колдоо ирээтинде берилген акча каражаты жөнүндө

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулунун жана айыл өкмөтүнүн бухгалтери А.Карыбек уулунун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин кезексиз VIII сессиясы токтом кылат :

 

 

1. Мамлекет тарабынан колдоо ирээтинде берилген 10,0 млн. сом акча каражатына айыл өкмөтүнө Айыл банк аркылуу лизинг жолу менен техника сатып алууга уруксат берилсин.

 

2. Ат-Башы Айыл банк акционердик коому жана техника сатуучу фирмалар менен маакулдашууларды жүргүзүп, элге кызмат кылуу максатында керектүү техникалар сатылып алынсын

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулуна милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Д.Жолдошбек уулу