БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин XIX чакырылышынын депутаттарынын кезексиз VIII сессиясы
2023-жылдын 23-ноябры № 8/2
Дыйкан чарба жерлеринин налогу үчүн которулуп берилген акча каражаты жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Дайыргазы уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин кезексиз VIII сессиясы токтом кылат :
1. Айыл өкмөтүндөгү дыйкан чарбалардын жерлеринин налогу үчүн которулуп берилген 185,0 миң сом акча каражатынын 120,0 миң сому айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасы үчүн күйүүчү май,дөңгөлөк сатып алуу,мамлекеттик камсыздандырууга жана калган 65,0 миң сом акча каражаты айыл өкмөтүндөгү билим берүү мекемелеринин кышкы сезонго карата даярдыктары үчүн жумшалсын.
2. Айыл өкмөтүндөгү билим берүү мекемелеринин кышка карата даярдыгын карап чыгып,акча каражаты керек болгон мекемелерге бөлүнгөн акча каражатынан тиешелүү жабдыктар сатылып берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулуна милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | Д.Жолдошбек уулу |