Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезексиз V сессиясынын
2024-жыл 17-майындагы №2
Жарандарды турак жай менен камсыз
кылуу боюнча 2023-2028-жылдарга карата
программасын бекитүү жөнүндө
Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ленин, Орто-Сай, Жыгач-Коргон айылдарынын калкын турак жай менен камсыз кылуу боюнча 2023-2028-жылдарга карата программасын бекитүү жөнүндө талкуулап чыгып Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ленин, Орто-Сай, Жыгач-Коргон айылдарынын тургундарын турак жай менен камсыздоо программасы бекитилсин.
2. Аталган токтомду ишке ашыруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго жүктөлсүн.
3. Токтомду Багыш айыл өкмөтүнүн даректүү расмий сайтка жарыялоо жана юстиция башкармалыгынын каттоосунан өткөрүү жагы жооптуу катчы М.Акумбаевага милдеттендирилсин.
Төрага |
Ж.Сейдахматов |