Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезексиз V сессиясынын
2024-жыл 17-майындагы №3
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Октябрь
айылынын Токтогул кичи кѳчѳсүнѳ
Медеров Эрмаматтын ысымын
ыйгаруу жѳнүндѳ
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн №1-15/289 13.05.2024-жылдагы «Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Октябрь айылынын Токтогул кичи кѳчѳсүнѳ коомдук ишмер Медеров Эрмаматтын ысымын ыйгарып берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин Социалдык, коомдук жана эл аралык менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 10.05.2024-жылдагы протоколдук чечимин угуп, талкуулап Багыш айылдык кеңеши токтом кылат :
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Октябрь айылынын Токтогул кичи кѳчѳсүнѳ коомдук ишмер Медеров Эрмаматтын ысымына ѳзгѳртүлсүн.
2. Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгѳйбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү ѳзүмѳ калтырам.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага |
Ж.Сейдахматов |