Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
VI сессиясынын
2024-жыл 27-майындагы №2
Багыш айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген
бюджеттик чыгымдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Багыш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы, мамлекеттик сатып алуулардан үнөмдөлгөн акча каражаттарына бюджеттик классификациягы ылайык өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин негизинде төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атайын каражаттан “Таалимтай” балдар бакчасынын мамлекеттик сатып алуулар мыйзамына ылайык, тамак-ашынан үнөмдөлгөн 93,0 миң сом акча каражаты ата-энелердин 21.02.2024-жылдагы жыйналышынын №1-протоколунун жана балдар бакчасынын жетекчилеринин кайрылууларына ылайык 3112 (Эмерек сатып алуу) беренесине “Таалимтай” балдар бакчасына печка сатып алууга, атайын каражаттан“Ай-Нуру” балдар бакчасынын тамак-ашынан үнөмдөлгөн 135,8 миң сом акча каражаты ата-энелердин 17.01.2024-жылдагы жыйналышынын протоколунун негизинде 35,8 миң сому 2221(Имараттарды жана жайларды учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар) беренесине «Ай-Нуру» балдар бакчасынын имаратынын учурдагы оңдоосуна, 100,0 миң сому 3111 (Имараттар жана курулуштар) беренесине «Ай-Нуру» балдар бакчасынын имаратынын терезелерин алмаштырууга, “Кенжетай” балдар бакчасынын тамак-ашынан үнөмдөлгөн 126,0 миң сом акча каражаты ата-энелердин 20.05.2024-жылдагы жыйналышынын №1-протоколунун жана балдар бакчасынын жетекчилеринин кайрылууларына ылайык 80,0 мин сому 2221(Имараттарды жана жайларды учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар) беренесине «Кенжетай» балдар бакчасынын имаратынын учурдагы оңдоосуна, 46,0 мин сому 2222(Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу) беренесине «Кенжетай» балдар бакчасына шейшеп алууга, “Кун-Нуру” балдар бакчасынын тамак-ашынан үнөмдөлгөн 238,3 миң сом акча каражаты ата-энелердин 16.05.2024-жылдагы жыйналышынын №3-протоколунун жана балдар бакчасынын жетекчилеринин кайрылууларына ылайык 100,0 мин сому 2221(Имараттарды жана жайларды учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар) беренесине «Кун-Нуру» балдар бакчасынын имаратынын учурдагы оңдоосуна, 138,3 мин сому 3112 (Эмерек сатып алуу) беренесине “Кун-Нуру” балдар бакчаса принтер, ноутбук, проектор, доска алууга жылдырылсын.
2. 2023-жылдын бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө бюджеттик классификацияга ылайык өзгөртүү киргизүү жагы ФЭБ башчысына жүктөлсүн жана планга тактоо киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
3. Аталган токтом Багыш айыл окмотунун расмий сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы М.Акумбаевага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын козомолдоо Багыш айылдык кенешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат корсотуу жана экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Д.Дарбановго жүктөлсүн.
Төрага |
Ж.Сейдахматов |