Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезексиз VI сессиясынын
2024-жыл 27-майындагы №4
Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ой-Талаа участкасынан 50,57 гектар сугат айдоо жер тилкелерин эл аралык аэропорт куруу үчүн трансформациялоого жана которууга макулдук берүү жөнүндө
Багыш айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылдын 26-майындагы №01-15/318 сандуу “Айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ой-Талаа участкасынан кошумча 50,57 гектар сугат айдоо жер тилкелерин эл аралык аэропорт куруу үчүн макулдук чечимин чыгаруу” боюнча кайрылууларын карап чыгып, Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ой-Талаа участкасындагы 50,57 гектар сугат айдоо жер тилкеси кошумча эл аралык аэропорт куруу үчүн ажыратылып берилсин жана ажыратылган жер аянтын трансформациялоого макулдук берилсин жана элдердин 50,57 гектар үлүштүк айдоо жерлери №42-контурундагы 11,68 гектар, №44-контурундагы 5,11 гектар, №155-контурундагы 6,3 гектар, №157-котурундагы 4,4 гектар, №160-контурундагы 3,8 гектар, №162-контурундагы 7,22 гектар, №163-контурундагы 4,76 гектар, №164-контурундагы 1,7 гектар, №224-контурундагы 5,6 гектар жерлер айыл чарба жерлерине Эл аралык маанидеги аэропортун куруу үчүн айыл чарба жерлери категориясынан, ѳнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Түгѳйбеков Нурсултанга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан Жалал-Абад областык юстиция органдарынан каттоодон өткөндѳн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Ж.Сейдахматов |