Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезексиз VI сессиясынын
2024-жыл 27-майындагы №5
Күнѳскана куруу» долбооруна макулдук берүү жөнүндө
Багыш айыл өкмөтүнүн Октябрь айылынын тургуну Б.А.Борпушевдин 27.05.2024-жылдагы «Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Октябрь айылына «Күнѳскана куруу» долбоорун ишке ашырууга уруксат берүү жана Багыш айыл өкмөтүнүн 2024-2027-жылга кабыл алынган стратегиялык өнүгүү программасына 2024-жылга кошумча пункт менен киргизүү жөнүндө» кайрылуусун карап, талкуулап Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Октябрь айылына «Күнѳскана куруу» долбоорун ишке ашырууга уруксат берилсин.
2. Багыш айыл өкмөтүнүн 2024-2027-жылга кабыл алынган стратегиялык өнүгүү программасына 2024-жылга кошумча пункт менен Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Октябрь айылына «Күнѳскана куруу» долбоорун ишке ашыруу деп киргизилсин.
3. Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгѳйбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Д.Дарбановго жүктөлсүн.
5. Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага |
Ж.Сейдахматов |