Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезексиз VI сессиясынын
2024-жыл 27-майындагы №6
Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жайыт жерлерин туризмди ѳнүктүрүү максатында ижарага берилүүчү жерлердин
тарифин бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө” № 515 токтомун негиздеп, Багыш айыл өкмөтүнүн “Багыш-Достук” муниципалдык ишканасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 15 сандуу “Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жайыт жерлерин туризмди ѳнүктүрүү максатында ижарага берилүүчү жерлердин тарифин бекитип берүү жөнүндө ” боюнча кайрылууларын карап чыгып, Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жайыт жерлерин туризмди ѳнүктүрүү
максатында Түндүк-Түштүк жолунда жайгашкан ижарага берилүүчү жерлердин тарифин 1 сотых жерине 1500 сомдон, калган башка жайыт жерлер 1 сотых жерине 1000 сомдон бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн “Багыш-Достук” муниципалдык
ишканасынын жетекчиси А.Арапбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан Жалал-Абад областык юстиция органдарынан каттоодон өткөндѳн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Ж.Сейдахматов |