Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаардык кеңештин VIII чакырылышынын
кезектеги XXIV сессиясынын
2024-жыл 15-май №24/5
Кербен шаарынын мэри Зияйдинов Эрнист Эгенбердиевичке
«Кербен шаарынын ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Зияйдинов Эрнист Эгенбердиевич 2023-жылдын 15-мартынан баштап Кербен шаарынын мэри болуп иштеп келе жатат, ал жогоруда аталган кызматта өзүнүн кызматтык милдетерин жоопкерчилик менен так аткарып, аз убакытта Кербен шаарынын социалдык-экономикалык өсүүсүнө өтө чоң салымын кошуп жатат ошондой эле «Согуштун, эмгектин, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана ооруктагы эмкегчилердин Аксы райондук Кеңешинин » 2024-жылдын 13-майындагы № 10 сунушунун жана Кербен шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 15- майындагы № 57 токтомун карап, талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кербен шаарынын мэри Зияйдинов Эрнист Эгенбердивичке “Кербен шаарынын ардактуу атуулу” наамы берилсин.
2. Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом «www.Kerben.Aksy.kg» веб-сайтында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кербен шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, регламент жана этика туруктуу комиссиянын төрайымы М.Камбаровага жүктөлсүн.
Кербен шаардык кеңештин төрагасы:
|
Р.Назарбеков |