Редакцияот 22.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2024-жылдын 22-январы № 23

"Кыргыз Республикасынын граждандарынын аманаттарын калыбына келтирүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу

1-берене.

Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) "Кыргыз Республикасынын граждандарынын аманаттарын калыбына келтирүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 2-июнундагы № 36 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 6, 229-ст.);

2) "Кыргыз Республикасынын граждандарынын аманаттарын калыбына келтирүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 18-ноябрындагы № 226 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 2, 76-ст.).

2-берене.

Жарандардын кепилденген аманаттары боюнча суммаларды төлөө тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен ар жылдык негизде бекитилет деп белгиленсин.

Жарандардын кепилденген аманаттары боюнча суммаларды төлөөнүн шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

Караңыз:

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 316 "Жарандардын кепилденген аманаттары боюнча суммаларды төлөөнүн тартибин жана шарттарын бекитүү жөнүндө" токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кепилденген аманаттардын төлөмдөрүн алуу ыкмалары, шарттары жана жол-жобосу жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу таратсын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып отуз календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 22-январындагы №7 (3560) саны мененен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2023-жылдын 14-декабрында

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши

кабыл алган