КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 14-марты № 1954-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 148-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
2024-жылдын 18-мартынан тартып 20-мартына чейинки жана 25-мартынан тартып 29-мартына чейинки мезгилдер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөө убактысы деп эсептелсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Дж.К. Исаева |