Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 8-июлу № 212/35-5
Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 42/12-5 “Токмок шаарындагы Шамсинская көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 20-майындагы №1-22/1593 катын карап жана Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, ошондой элеКыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги №42/12-5 “Токмок шаарындагы Шамсинская көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.
2. Токмок шаарынын Шамшы көчөсү мамлекеттик жана расмий тилдеринде Шамшы көчөсү болуп белгиленсин.
3. Токмок шаарынын мэриясы (Нусувалиев М.О.) бардыгын ушул токтомго ылайык жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Чүй-Токмок филиалы (Байгазакова Н.Ч.) жана Токмок шаардык шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгы (Шамшидинов К.М.) жерди каттоо жана шаар куруу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Чʏй-Бишкек юстиция башкармалыгына ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Б.Б.Доконов |