Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Ирим айыл аймактык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы
2022-жылдын 29-марты № 8
Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин № 54 сандуу Жарлыгын аткаруу максатында Көк-Ирим айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24- февралындагы “Кыргыз Республикасынын үй бүлөлүк, салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгына ылайык ,айыл аймакта жарандардын жашоосунун социалдык жана экономикалык деңгээлин көтөрүү үчүн каада- салттарды, салтанаттарды жана диний урп-адаттарды тартипке келтирүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча Көк-Ирим айыл аймагынын 11.03.2022-жылдагы Жалпы элдик чогулушта кабыл алынган №6 чечими бекитилсин.
2. Кабыл алынган ЖОБОНУН долбоору Жергиликтүү жамааттын УСТАВЫНА киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24- февралындагы “Кыргыз Республикасынын үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгына ылайык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөт кызматкерлерине, мектеп директорлоруна, участкалык инспекторлорго, айылдын имамдарына, көчө комитеттерине тапшырылсын
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р.Секеленовко милдеттендирилсин.
Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
А. Маленкулова |