КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-июну № 2202-VII
"2023-жылдын 21-ноябрында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишимге Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин ортосунда ташып киргизүүгө бажы алымдарынын суммаларын которууга тиешелүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2024-жылдын 11-апрелиндеги чыг. № 18-3087) "2023-жылдын 21-ноябрында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишимге Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин ортосунда ташып киргизүүгө бажы алымдарынын суммаларын которууга тиешелүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Н.Т. Шакиев |