Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-июну № 2205-VII
"2023-жылдын 25-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги жана ага мүчө мамлекеттер менен экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2024-жылдын 29-апрелиндеги чыг. № 15-3626) "2023-жылдын 25-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги жана ага мүчө мамлекеттер менен экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Н.Т. Шакиев |