КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-июну № 2217-VII
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2023-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2023-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы А.Ш.Акматовдун отчетун угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы А.Ш.Акматовдун Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2023-жылдагы иши жөнүндө отчету канааттандырарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жиберилүүчү Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын эскертүүлөрүнүн жана сунуштамаларынын аткарылышына контролду камсыз кылсын;
- финансылык тартип бузууларга жол бергендиги жана бюджеттик каражаттардын толук кайтарылышын камсыз кылуу бөлүгүндө жетишсиз иш жүргүзгөндүгү үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жоопкерчилигин күчөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы:
төмөнкүлөр боюнча иштерди улантсын:
- аудитордук иш-чаралардын сапатын жогорулатуу максатында аудиттин эл аралык стандарттарын киргизүү;
- капиталдык салымдарга бөлүнүүчү каражаттарды контролдоону күчөтүү;
- мамлекеттик программалар, иш-чаралар боюнча натыйжалуулук аудиттерин жүргүзүү;
- аудитордук процесстерди санариптештирүү жана автоматташтыруу тармагын кеңейтүү;
- инспектордук курамдын кесиптик компетенцияларын жогорулатуу;
ар жылдык отчетко жарандар менен өз ара аракеттенүү боюнча маалыматтарды киргизүү сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары аудиттердин өткөрүп берилген материалдары боюнча аныкталган финансылык тартип бузуулардын суммаларынын ордун толтуруу боюнча жеткиликтүү чараларды көрсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.О. Сыдыгалиев |