Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылы 12-июлу №55
Кара-Бак айылындагы 1,80 га жер аянтынын түрүн которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Осмоновдун билдирүүсүн угуп, жер аянтын түрүн которууга макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айылынын Курук-Сай участкасындагы 1,80 га жер аянтын “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “өнөр жайынын транспорттун байланыштын энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багытагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
айылдык Кенешинин торайымы: |
Ж.Шадиманова |