Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2024-жылдын 25-июну № 72
Калкты таза суу менен камсыздоо боюнча “Самаркандек Андиген Таза Суу” ишканасынын 2024-жылдын башынан бери аткарып келген иштери жөнүндө отчету
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнундө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде Самаркандек айыл өкмөтүнүн калкын таза суу менен камсыздоо боюнча 2024-жылдын башынан бери аткарып келген иштери жөнүндө “Самаркандек Андиген Таза Суу” ишканасынын башчысы Н.Жапаровдун отчетун угуп талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Калкты таза суу менен камсыздоодо 2024-жылдын жылдын башынан бери аткарып келген иштери жөнүндө “Самаркандек Андиген Таза Суу” ишканасынын башчысы Н.Жапаровдун отчету айрым жетишпестиктери менен канаатандыраарлык деп кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳраганын орун басары: | Г.Алимова |