Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2024-жылдын 25-июну № 73
Калкты сугат суу менен камсыздоо боюнча “Төрт-Гүл толкуну” СПА сынын 2024-жылдын башынан бери аткарып келген иштери жөнүндө отчету
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнундө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде Самаркандек айыл өкмөтүнүн калкын сугат суу менен камсыздоо боюнча 2024-жылдын башынан бери аткарып келген иштери жөнүндө “Төрт-Гүл толкуну” СПАсынын башчысы А.Каразаковдун отчетун угуп талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Калкты сугат суу менен камсыздоодо 2024-жылдын 6 ай ичинде “Төрт-Гүл толкуну” СПАсы тарабынан аткарып келген иштери жөнүндө башчысы А.Каразаковдун отчету айрым кемчиликтери менен канаатандыраарлык деп кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына (Пазылов З.)
тапшырылсын.
Тѳраганын орун басары: | Г.Алимова |