Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2024-жылдын 25-июну № 75
Макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде Самаркандек айыл өкмөтүнун башчысы К.Мергеновдун берген маалыматын угуп талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Паскы-Арык айылынын Уч участкасындагы скважина жайгашкан №325 контурундагы “Айыл чарба жерлери” категориясынын сугат айдоо түрүндөгү 0,06 га жер тилкесин “Калктуу конуштун жерлери” категориясына” которууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына (Пазылов З.) тапшырылсын.
Тѳраганын орун басары: | Г.Алимова |