Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2024-жылдын 25-июну № 76
Жайыт пайдалануу акыларынын бааларын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизиндеСамаркандек айыл өкмөтүнун башчысы К.Мергеновдун жана жайыт комитетинин башчысы Абдрахманов И. берген маалыматтарын угуп талкуулап чыгып Самаркандек айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагында 2024-жыл үчүн жайыт пайдалануу акылары төмөнкү тартипте белгиленсин:
Бир баш малга бир жылга төлөнүүчү жайыт акынын өлчөмү
Кой эчки 40 сом
Козу улак 20 сом
Жылкы 200 сом
Кулун 150 сом
Уй (топоз) 150 сом
Торпоктор 100 сом
Түтүн пулу 700 сом
2.Жайыт пайдаланууда жайытты 1 айдан ашык пайдаланган мөөнөт бир жыл мөөнөт катары эсептелип төлөнөт.
3.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына (Пазылов З.) тапшырылсын.
Тѳраганын орун басары: | Г.Алимова |