Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2024-жылдын 25-июну № 78
Геологияялык жана тарыхий эстелик, Кыргызстандагы эң ири Кани-Гут үңкүрүн “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагына” киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мергеновдун берген маалыматын угуп талкуулап чыгып Самаркандек айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
т о к т о м к ы л а т :
1. Кыргызстандагы эң ири Кани-Гут үңкүрү “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагына” киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына (Пазылов З.) тапшырылсын.
Тѳраганын орун басары: | Г.Алимова |