Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2024-жылдын 25-июну № 79
Паскы-Арык айылынын “Ак-Чечек” көчөсүнө жергиликтүү коомдук ишмер, маркум Сулайманов Токтомуштун атын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде Самаркандек айыл өкмөтүнун башчысы К.Мергеновдун берген маалыматын угуп талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
т о к т о м к ы л а т :
1. Самаркандек айыл өкмөтүнун Паскы-Арык айылынынтургундарынын кайрылып жазган каттарынын негизинде Паскы-Арык айылынын ”Ак-Чечек” көчөсүнө жергиликтүү коомдук ишмер маркум Сулайманов Токтомуштун аты ыйгарылсын.
2. Жаңы ыйгарылган ”Сулайманов Токтомуш көчөсүнүн” атын Баткен райондук кадастр органынан тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен каттатуу жагы Самаркандек айыл өкмөтүнун башчысынын орун басары Ж. Полотовго милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳраганын орун басары: | Г.Алимова |