Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИ
ТОКТОМ
Атай айыл өкмөтүнүн Айыл Кенешинин V чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2022-жылдын 25-марты № 6
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ысырапкорчулук боюнча жобону кабыл алуу жөнүндө
Атай айыл аймагынын айылдык Кенешинин орун басары К.Манапбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Атай Айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн элдик жыйынынын 11.03.2022-жылдагы ысырапкорчулук боюнча иштелип чыккан жобо кабыл алынсын жана жобо тууралуу протоколу бекитилсин.
2.Жобого ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Атай айылдык кенешинин төрагасына тапшырылсын.
Атай айылдык Кенешинин төрагасы: | Н.Т.Жээнбаев |