Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИ
ТОКТОМ
Атай айыл өкмөтүнүн Айыл Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2022-жылдын 25-марты № 1
Атай айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы талаачылык жумуштарынын башталганына байланыштуу айдоо себүүнүн норма–расценкаларын бекитүү жөнүндө
Атай айылдык Кенешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо,план-бюджет жана финансы ,социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссияларынын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап Атай Айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Атай айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы талаачылык айдоо-себүү, оруп-жыйноо иштери өз убагында жүргүзүлсүн жана техникалардын расценкалары төмөндөгү баада бекитилсин:
Айдап себүүгө 1 (бир) гектарга 1200 (мин) сом акча, 25 литр май
Себүүгө 1 (бир) гектарга 600 (беш ) сом акча,10 литр май
Малалоого 1(бир) гектарга 600 (беш) сом акча,10 литр май
Жер тегиздөөгө 1 (бир) гектарга 600 (беш) сом акча,10-15 литр май
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Атай Биримдик ”муниципиалдык ишканасынын жетекчиси Н.Шамыркан уулуну милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргузүү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбаевге тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Т.Жээнбаев |