Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИ
ТОКТОМ
Атай айыл өкмөтүнүн айыл кеңешинин V чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2022-жылдын 25-марты № 2
Атай айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы талаачылык жумуштарынын башталганына байланыштуу айыл өкмөтүнүн аймагындагы дыйкан-фермерлерди жакынкы, алыскы жайытка көчүрүү, малга бада уюштуруу жана баасы боюнча келишимди бекитүү жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Атай Айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтү менен айыл тургуну тарабынан түзүлө турган келишим бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө мыйзамына ылайык” жайытка көчүү мөөнөтү ички жайытка 15-апрелден, сырткы жайытка 20-майга чейин, көчүп келүү 15-сентябрдан кийин жүргүзүлсүн.
3. Жайытка көчүүдө жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү, жайыт билет берүү; Жайыт жолдорун ондоо жана жайытты пайдаланууну туура жолго коюу жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы Б.Абдылдаевге милдеттендирилсин.
4. Белгиленген мөөнөттө жайлоого көчүп кетпесе жана белгиленген мөөнөттөн эрте көчүп келсе мыйзамчегиде “Бузуулар кодексине” ылайык айып пул салынсын.
5. Жайытка көчурүлгөнгө чейин малга бада уюштурулсун жана баасы бир айга бир баш бодо малга
350 сомдон, жандык малга 80 сомдон;
Сырттан келген бодо малга 250 сомдон, жандык малга 50 сомдон;
- Жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөр:
Уй, жылкы - 70 сом, жандык малга - 14 сом, жаш бодо 49 сомдон белгиленсин.
6. Эгин, чөп чабынды аянттарына түшкөн малдар корукчулар тарабынан камоого алынсын,протокол түзүлүп райондук ички иштер башкармалыгына бузуулар боюнча комиссиясына жөнөтүлсүн. Камакка алынган мал ээсине эскертилсин, өз маалында чыгарып кетпей өлүп калса корукчу жоопкерчилигине албай тургандыгы белгиленсин.
7. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл башчылар Ж.Жөжөбаевге ,Д.Турдакун уулуна милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү Атай айыл Кенешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кенешинин төрагасы: |
Н.Т.Жээнбаев |