Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИ
ТОКТОМ
Атай айыл өкмөтүнүн айыл кеңешинин V чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2022-жылдын 25-марты № 3
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн элдик жыйынынын протоколун бекитип берүү жана Абык каналын реконструкциялоо,ондоп түзөө иштерин жүргүзүү боюнча “Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусу”мекемесине долбоор даярдап сунуштоо жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Атай Айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн элдик жыйынынын 11.03.2022-жылдагы № 5 протоколу бекитилсин.
2. Абык каналын реконструкциялоо,ондоп түзөө иштерин жүргүзүү боюнча “Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусу” мекемесине долбоор даярдап сунуштоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбаевге тапшырылсын.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу Атай айылдык кенешинин “Пландоо-бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кенешинин төрагасы: |
Н.Т.Жээнбаев |