КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXVIII сессиясы
2024-жылдын 20-мартындагы № 28-38/1
“Каракол шаардык Кенеши жѳнʏндѳгʏ” Жобону бекитʏʏ жѳнʏндѳ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жʏргʏзʏʏ жѳнʏндѳ” Жарлыгын, 2024-жылдын 7-февралындагы №24 “Пилоттук режимде жʏргʏзʏлʏп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтʏʏ кенештердин иши жѳнʏндѳ убактылуу жобону бекитʏʏ тууралуу” Жарлыгынын 9-пунктун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтʏʏ мамлекеттик администрация жана жергиликтʏʏ ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнʏндѳ” мыйзамдарын, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (ѳкʏлчʏлʏктѳрдʏ) мамлекеттик каттоонун тартиби жѳнʏндѳгʏ” Жобону жана башка тиешелʏʏ укуктук-ченемдик актыларын жетекчиликке алып, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы
токтом кылат:
1. Каракол шаардык Кенешине Чельпек айылдык Кенеши кошулуп жаткандыгына байланыштуу, Каракол шаардык Кенеши мамлекеттик кайра каттоодон ѳтсʏн.
2. Шаардык Кенештин уюштуруу-укуктук формасы-мекеме
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы: мамлекеттик тилде “Каракол шаардык Кеңеши” расмий тилде “Каракольский городской Кенеш”.
3. Мекеменин жайгашкан жери (юридикалык дареги): Кыргыз Республикасы, Ысык-Кѳл облусу, Каракол шаары, Тыныстанов кѳчѳсʏ, №21.
4. Каракол шаардык Кенешинин Жобосу бекитилсин.
5. Чельпек айылдык аймагынын айылдык Кенешинин ѳткѳрʏп берʏʏ актысы бекитилсин.
6. “Каракол шаардык Кенеши” мекемесин Ысык-Кѳл облустук юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон ѳткѳрʏʏ жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысы Э.Майрыковго милдеттендирилсин.
7. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
8. Токтом ММКларга жарыялангандан кийин кʏчʏнѳ кирет.
9. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ Каракол шаардык Кенешинин жооптуу катчысына жʏктѳлсʏн.
Мамлекеттик каттоо жѳнʏндѳ чечимде андагы кѳрсѳтʏлгѳн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо ʏчʏн тапшырылган документтерди маалыматтардын анык экендиги ырасталат.
Тѳрага Т.Ж.Акимканов
Жиберилди: Д-1, ТК-1, Мэрия-1, ММК-1, Юстиция-1