Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VI сессиясынын
2024-жылдын 10-июну № 1
Үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө.
2022-жылдын 24-февралындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ №54 Жарлыгын жана Күмүштак айыл аймагынын үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобосунун долбоорун угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VI сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин. (Жобо тиркелет).
2. 2022-жылдын 24-февралындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ №54 Жарлыгын аткаруу максатында төмөндөгү комиссия курамы түзүлсүн:
Комиссиянын курамынын төрайымы – Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары- жооптуу катчы - Ж.К.Качыбекова;
Комиссиянын курамынын катчысы жана мүчөсү – айылдык кеңештин жооптуу катчысы - С.С.Саткыналиева;
Мүчөлөрү:
Айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо жана социалдык-маданий маселелери боюнча жетектоөөчү адиси А.С.Даниярова;
Айыл аймагынын социалдык маселер боюнча адиси А.С.Жузупбекова;
Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнөн Күмүштак айыл аймагына бөлүнгөн милициянын кызматкерлери Мелисбеков Илгиз жана Эшманбетов Нурлан;
Айыл аймагынын китепканачылары Г.Куланбаева жана Э.Сманалиева;
Айыл аймагынын маданият үйлөрүнүн жетекчилери Т.Сатаев жана А.Сулайманов;
Айыл аймагынын айыл башчылары Дж. Айтпаев жана Г.Бегалиева;
Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башкы дарыгери Ч.Калдаралиева;
Бакай-Ата райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери Султанбек кызы Э., А.Асранова;
КААБтын мүчөлөрү (аксакалдар сотунун төрагасы, ардагерлер кеңешинин төрагасы, аялдар кеңешинин төрайымы, жаштар комитетинин төрагасы).
Айыл аймактардын имамдары Ж.Жумакеев, Э.Бактыбаев, Т.Калыбаев, Аппас уулу.Н.
3. Түзүлгөн комиссия курамына бекитилген Жобо боюнча айыл аймактын калкына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана тааныштыруу жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.М.Надырбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |
|
| Бекитемин:____________________
Төрага: Мамыралиев А.Т. Күмүштак айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу Кенешинин I чакырылышындагы депутаттарынын 2024-жылдын 10-июнундагы VI сессиясынын №1 токтому менен бекитилген |
Күмүштак айыл аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобо.
I.Ушул Жобонун максаттары жана милдеттери
1. Ушул Жобонун максаты Күмүштак айыл аймагынын тургундарынын социалдык кызыкчылыктарын коргоо жана жарандардын экономикалык кызыкчылыктарына жана жашоосундагы моралдык бекемдигине олуттуу зыян келүүчү ашыкча чыгашаларга жол бербөө боюнча чараларды белгилейт. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгынын негизинде иштелип чыкты.
2. Ушул Жобонун милдеттери Күмүштак айыл аймагында үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү, ошондой эле калктын, өзгөчө жаштардын алардын маңызын жана барктуулугун туура түшүнүүнү, калыптоону тартипке келтирүү болуп саналат.
II. Жобонун таасиринин чектери
1. Бул Жобонун таасири Күмүштак айыл аймагындагы баардык мамлекеттик органдарга жана ведомстволук караштуулугу жана менчик формаларына карабастан уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга жана жеке адамдарга, анын ичинде чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жайылтылат.
III. Жободогу колдонулуучу негизги түшүнүктөр
1. Ушул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
Үй-бүлөлүк салтанаттар (туулган күн, тушоо кесүү, бешик той, сүннөт той, үйлөнүү той ж.б.у.с.) – бул адамдардын кичи тобунун же көп сандаган элдин көңүл ачуучу салтанатуу мүнөздөгү иш-чарасы.
Маркумдардын элесине арналган иш-чаралар – каза болгон адамдын элесине арналган иш-чаралары, анда негизги болуп эскерүүнүн белгилүү бир мөөнөттөрүндө туугандары тарабынан маркумдун үйүндө же тамактануу жайларында өткөрүлүүчү жалпы тамактануу иш-чарасы.
IV. Үйлөнүү үлпөт той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү үчүн жооптуу органдар
1. Ушул Жобону ишке ашуруу үчүн Күмүштак айыл өкмөтүнүн алдында жергиликтүү туруктуу комиссия түзүлөт.
2. Комиссиянын курамында Күмүштак айыл өкмөтүнүн аппаратынан, Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнөн Күмүштак айыл аймагына бөлүнгөн милициянын кызматкерлеринен, маданият бөлүмүнөн, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан, эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынан, коомчулуктан КААБтын мүчөлөрү (аксакалдар сотунан, ардагерлер кеңешинен, аялдар кеңешинен, жаштар комитетинен), коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет. Комиссиянын курамын айылдык кеңешинин төрагасы бекитет.
3. Комиссия төмөндөгүдөй функцияларды аткарат:
- Маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды жана башка үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукка жол бербөө жөнүндө калк арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү уюштурат;
- Каада-салттарды, салтанаттарды, үрп-адаттарды жана маркумга арналган башка иш чараларды тартипке келтирүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын жана коомдук институттардын натыйжалуу өз ара аркеттенүүсүн камсыз кылат;
- Турмушта жалпы кабыл алынган адеп-ахлактык ченемдери, үрп-адаттарды жана элдик каада-салттарды сыйлоо багытындагы бардык аракеттерди көрөт;
- Үйлөнүү үлпөт тойлорду, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды ушул Жобонун талаптарына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык өткөрүүнү контролдоону жүзөгө ашырат;
- Үйлөнүү үлпөт тойлорду, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча калктын арасында агартуучулук жана үгүттөөчүлүк иштерди уюштуруу;
- Үйлөнүү үлпөт тойлорду, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча мыкты тажрыйбаларды үгүттөө;
- Үйлөнүү үлпөт тойлорду, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларды аткарууну талап кылуу.
Комиссиянын чечимдери мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышканда кворум болсо добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калса комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелинет. Комиссиянын протоколуна комиссиянын төрагасы жана жыйынга катышкан мүчөлөрү кол коюшат.
V. Үйлөнүү үлпөт той, үй-бүлөлүк салтанаттар
1. Үй-бүлөлүк салтанаттар150гө чейинки адамды чакыруу менен жүргүзүлөт.
2. Үйлөнүү үлпөт той салтанаттар 200гө чейинки адамга банкет менен бир күндүн ичинде өткөрүлөт. Той салтанатында чакырылган конокторго кийит кийгизүү, белек берүүлөргө тыюу салынат.
3. Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарына никелешүүнү мамлекеттик каттоо салтанаты 3төн ашык эмес жеңил автомашинасын колдонуу менен өткөрүлөт.
4. Себет, түштөндүрүү, кыз узатуу, 50 жашка чейинки юбилейлик тойлорду өткөрүүгө тыюу салынат.
VI. Маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш чаралар
1. Маркумду акыркы сапарга узатуу катышуучулардын санын чектөөсүз жана ири мүйүздүү кара мал жана жылкы союлусуз өткөрүлөт, 2 кой сойгонго уруксат берилет.
2. Маркумдун элесине арналган иш-чараларды (кир жууду, үчүлүк, жумалык, 52 күндүк) өткөрүүгө тыюу салынат, 40 ашы менен ашын өткөрүүгө тыюу салынбайт (уруксат берилет).
3. Маркумду акыркы сапарга узатууга азык-түлүк, кийим кече, кийит, жыртыш бет арчуу (платочка) жана башкаларды алып барууга тыюу салынат.
4. Кабырдын үстүнө оор эстелик коюуга жана курууга, аны темир жана башка материалдар менен тороого тыюу салынат.
5. Кабырды даярдоодо жер үнөмдөлсүн.
VII. Үйлөнүү үлпөт той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүгө талаптар
1. Үйлөнүү үлпөт тойлорду, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүү турак үйлөрдүн аянттарында (короолорунда), жеке үйлөрдө же ресторандарда, кафелерде, ашканаларда жана үйлөнүү-үлпөт залдарында коомдук тартиптин талаптарын сактоо менен өткөрүлөт.
2. Үйлөнүү үлпөт той, үй-бүлөлүк салтанаттар эс алуу күндөрү саат 8.00дон 23.00 чейин, ал эми жумушчу күндөрү саат 18.00дон 22.00 чейин жүргүзүлөт.
VIII. Ушул Жобону бузгандык үчүн жоопкерчилик
1. Жеке жана юридикалык жактар ушул Жобонун талаптарын сактабагандыгы үчүн Аксакалдар сотунда жоопкерчиликке тартуу жөнүндөгү маселеси каралат.
IX. Корутунду Жоболор
1. Жеке жана юридикалык жактар үйлөнүү үлпөт тойлорду, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумду элесине арналган иш-чараларды ушул Жобонун талаптарын сактоо менен өткөрүүгө милдеттүү.
2. Комиссиянын чечимдери боюнча нааразы тарап Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттук тартипте даттанууга укуктуу.