Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2022-жылдын 25-марты № 5
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн элдик жыйынынын протоколун бекитүү жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Атай Айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз X сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн элдик жыйынынын 11.03.2022-жылдагы № 5/1 протоколу бекитилсин.
2. Атай айылындагы “Көк –Жар көчөсүнүн 1 километр 200 метр узундуктагы жер аянтына Таза Суу киргизүү” үчүн “Жалал-Абад облусу өнүктүрүү фондусу” мекемесине долбоорду даярдап сунуштоо жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаңыбаевге тапшырылсын.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу Атай айылдык Кеңешинин “ Пландоо бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кенешинин төрагасы: |
Н.Т.Жээнбаев |