Редакцияот 20.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXVIII сессиясы

 

2024-жылдын 20-мартындагы № 28-38/2

                  

“Каракол шаарынын мэриясы жѳнʏндѳгʏ” Жобону бекитʏʏ жѳнʏндѳ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жʏргʏзʏʏ жѳнʏндѳ” Жарлыгын, 2024-жылдын 7-февралындагы №24 “Пилоттук режимде жʏргʏзʏлʏп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтʏʏ кенештердин иши жѳнʏндѳ убактылуу жобону бекитʏʏ тууралуу” Жарлыгынын 9-пунктун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтʏʏ мамлекеттик администрация жана жергиликтʏʏ ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнʏндѳ” мыйзамдарын, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (ѳкʏлчʏлʏктѳрдʏ) мамлекеттик каттоонун тартиби жѳнʏндѳгʏ” Жобону жана башка тиешелʏʏ укуктук-ченемдик актыларын жетекчиликке алып, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII  чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы

                                                             токтом кылат:

1.    Каракол шаарынын мэриясына Чельпек айылдык аймагы кошулуп жаткандыгына байланыштуу, Каракол шаарынын мэриясы мамлекеттик кайра каттоодон ѳтсʏн.

2.    Каракол шаарынын мэриясынын уюштуруу-укуктук формасы-мекеме

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы: мамлекеттик тилде “Каракол шаарынын мэриясы” расмий тилде “Мэрия города Каракол”.

3.    Мекеменин жайгашкан жери (юридикалык дареги): Кыргыз Республикасы, Ысык-Кѳл облусу, Каракол шаары, Тыныстанов кѳчѳсʏ, №21.

4.    Каракол шаарынын мэриясынын  Жобосу бекитилсин.

5.    Чельпек айылдык аймагынын айылдык аймагын ѳткѳрʏп берʏʏ актысы бекитилсин.

6.    “Каракол шаарынын мэриясы” мекемесин Ысык-Кѳл облустук юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон ѳткѳрʏʏ жагы Каракол шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Р.Ж.Сагымбаевге милдеттендирилсин.

7.    Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

8.    Токтом ММКларга  жарыялангандан кийин кʏчʏнѳ кирет.

9.    Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ  Каракол шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисине жʏктѳлсʏн.

Мамлекеттик каттоо жѳнʏндѳ чечимде андагы кѳрсѳтʏлгѳн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо ʏчʏн тапшырылган документтерди маалыматтардын анык экендиги ырасталат.

 

 

 

     Тѳрага                                                                                                        Т.Ж.Акимканов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

    Жиберилди: Д-1, ТК-1, Мэрия-1, ММК-1, Юстиция-1