Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXX сессиясы
2024-жылдын 27-мартындагы № 28-40/1
Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине “Бугу” жана “Макиш” соода комплекстерин кабыл алууга макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэриясынын биринчи вице-мэри Н.Турсунбековдун, 2024-жылдын 12-мартындагы, чыг:№01-16/1146, мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Ысык-Кѳл областы боюнча башкармалыгынын тергѳѳ тобунун жетекчиси Н.Ибраимовдун, 2024-жылдын 27-мартындагы, чыг:№06-15/2277 каттарын карап жана талкуулап, Ч.Д.Шаршееванын ѳз ыктыяры менен Каракол шаарынын муниципалдык менчигине жеке менчигин ѳткѳрʏʏ жѳнʏндѳгʏ ѳтʏнʏчʏн эске алып, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын мэриясына, Каракол шаарынын муниципалдык менчигине, Каракол шаары, Алышбаев атындагы (Ленин) кѳчѳсʏ, №154 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 7468,83 м2 тʏзгѳн «Макиш» соода-базар комплексин, кыймылсыз мʏлкʏ менен кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Каракол шаарынын мэриясына, Каракол шаарынын муниципалдык менчигине, Каракол шаары, Жусаев атындагы кѳчѳсʏ, №158А дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 4000,0 м2 тʏзгѳн «Бугу» соода-базар комплексин, кыймылсыз мʏлкʏ менен кабыл алууга макулдук берилсин.
3. Каракол шаарынын мэриясына, муниципалдык менчикке жаңыдан кабыл алынган, “Бугу” жана “Макиш” соода-базар комплекстерин, юридикалык же физикалык жактардын жеке менчигине берʏʏсʏнѳ тыюу салынсын.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларга жарыялангандан кийин кʏчʏнѳ кирет.
6. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Т.Ж.Акимканов
Жиберилди: Д-1, ТК-1, Мэрия-1, мамкаттоо-1, ММБ-1, ММК-1, Юстиция-1